Ак калпак күнүнө карата окуучулар арасында жүрүш болуп өттү

5, 2016 3 10 11:12:00

  Терек-Суу айылында окуучулар арасында жүрүш болуп өттү. Бул жүрүш Терек-Суу айылында биринчи жолу уюштурулуп окуучу балдар ак калпак кийип көчө айланып басышты.

    Ак калпа кийип жүрүшкө барган 11-класстын окуучусу Кубат Узакбай уулу өз оюн билдирди.

    Бүгүн 5-март ак калпак күнү болгондуктан мектептеги балдардын баары калпак кийип келдик. Биз бул калпакты 1-марттан бери кийип келе жатабыз бүгүн акыркы күнү. Бул кызыл винетканы патриоттук сезимди ойготуу максатында тагындык. Жүрүшкө чыгуубуздун негизги максаты Терек-Суу айылынын тургундарына, туугандарыбызга ак калпакты кыргыз элинин ардактуу баш кийими экенин билдирүү болчу.