Токтогулдун элин дүрбөлөңгө салган Узун-Акмат алтын кени

2, 2017 7 24 15:48:00

Токтогул районундагы айтылуу Узун-Акмат дарыясынын башында алтын кени бар экендиги СССР мезгилиндеги геологиялык чалгындоолордон  аныкталган.

 Кенди казуу укугуна ээ болгон «Кассана Минералс» компаниясы ишти баштоого аракет кылганда жергиликтүү калк каршы чыгып, казуу иштери убактылуу токтотулган. Бирок жергиликтүү элдин ой-санаасы тынчыбай 1973-жылдагы Токтогул ГЭСи үчүн киндик каны тамган жерин таштап көчкөн сыяктуу бизге дагы да көчүүгө туура келеби деген сарсанаа менен турушат.

 «Кассана Минералс» ЖЧКсынын коомчулукка таркаткан маалыматы боюнча ал жерде  69.103 кг нак алтын кени бар экендиги аныкталган. Ал эми эл арасында ал жерде 2 тонна алтын кору бар экендиги айтылып келет

 Кен казылат дегенде Чолпон-Ата жана Кетмен Дөбө айыл аймактарындагы кыштактардан бирден өкүл чыгып, Чаткал районундагы алтын кени казылган жер менен таанышып келишкен. Жыйнтыгында Чаткалга барып келген өкүлдөр алтын казуу иштери жөнүндө элдик жыйын кылып төмөнкүлөрдү билдиришкен.

 «Чаткалдын айыл өкмөт алтын казгандар клуб салып жатат, жолдорду дагы асфальт кылып койду деп айтып жатат. Көрсө анын баары калп экен. Жолду асфальт кылды деди эле анысы болсо 2 километр деле чыгып чыкпайт, эптеп эле эл көрсүн кылып коюптур. Анан эл кен казылгандан бери эч бир пайда көргөн жокпуз, мектеп салып беришет деди эле анысы деле толук бүткөн жок деди. Зыяны болсо эң биринчи балдар ооруй баштады, сарык болуп, инфаркт, инсульт болуп ооруп атабыз деши. Алтын чайкаган суусун адам эмес мал иче албайт дейт. Андыктан айылыңардагы алтынды каздырбагыла деп айтышты.»

  Жергиликтүү эл алтын казуунун зыяндуу жактарын уккандан кийин кенди казууга келген техникаларды жол тосуп өткөрбөй каршы турушкандыктан алтын казуу иштери токтотулган. Бирок ошого карабастан жергиликтүү калк алтын казуунун натыйжасында жаратылышка, адамадардын ден-соолугуна тийгизген олуттуу зыяндарынан коркуп, бизге дагы көчүүгө туура келеби деген ой менен пландаган крулуш иштеринин баарын  2 жылдан бери толугу менен токтотуп коюшкан. Быйыл көп элдин кенди казууга каршы туруп алтын казылбагандыгына көзү жеткен эл кайрадан курулуш иштерин башташты.