Чоң-Арыкта жер көчкү басып калган малчылардын жолу тазаланды

2, 2017 7 24 15:57:00

2017-жылы кар көп жаагандыгына байланыштуу Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынында «Чоң-Арык — Тамга-Терек» жолдоруна жер көчкү түшүп, малчылардын жолун бөгөп калган. Малчылардын жайлоого көчүүсүн тездетүү максатында көчкүнү тазалоо үчүн Токтогул райондук атайын фондунан техника жиберилип, жол тазаланды.

Кетмен-Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Уланбек Өмүрбаевдин айтымында, жолду тазалоого 35 миң сом каражат кеткен.

— Мен 2014-жылдан бери жайыт комитетинин төрагасы болуп эмнектенем. Быйыл Тамга-Терек участкасында көчкү түшүп, агын суулардын кечүүлөрүнө там бою жар болуп мал өтө албай, эл көчүп бара албай, малчыларга абдан кыйын болду. Элдин кайрылуусу боюнча Токтогул райондук атайын фондунан техника алып келип, эл өтүүчү жана мал өтүүчү жолду көчкүдөн толугу менен тазалап бердик. Тамга-Терек жайлоосуна 600 литр солярка, 12 миң сом акча которулуп, жалпы 35 миң сом каражат менен жолду бүтүрүп келдик.

Жолду тазалоого атайын фонддон жиберилген тракторист Бакытбек Кадыралиев жолдун бир тарабы жар, бир тарабы тоо болуп, тазалоого кыйын болгонун айтат.

— Бир барганыбызда жамгыр жаап кыйналып, бүтүрө албай келгенбиз. Айыл өкмөтүнө жана жайыт комитетине рахмат, элдин жүгүн көтөрүп ошол жолду ачтырышты. 2-3 күндө кыйналып элдин жолун ачтырып келдик. Көчкү абдан оор болду. Кар көчүп жерди кошо сүрүп кетиптир. Көчкү төрт жерден түшүптүр. 3 жери 15-20 метр узундукта экен, ал эми төртүнчүсү 50 метр узундуктагы аралыкка көчкү түшүптүр.