41-Токтом

4, 2018 4 25 16:56:00

Эл  депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык  Кеңешинин

VII чакырылышынын  кезектеги IX  сессиясынын

                                                        

                                                       ТОКТОМУ №  41

28-февраль  2018- жыл                                                       Терек – Суу  айылы

 

Жаңы-Арык калктуу конушуна курулуп бүткөрүлгөн 35100 кВТ

кубаттуулуктагы подстанцияны Жалал-Абад электрондук өздүк

эсебине өткөрүп берүү жөнүндө.

 

Жаңы-Арык калктуу конушуна курулуп бүткөрүлгөн 35100 кВТ кубаттуулуктагы ,жалпы  суммасы  8 560 000 сомдук подстанцияны мындан ары айыл өкмөтүнүн тейлөө мүмкүнчүлүгү жетпегендигине байланыштуу Жалал-Абад электронун өздүк эсебине акысыз өткөрүп берүү боюнча Кетмен – Дөбө айылдык  Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезектеги IX  сессиясы

                                                        

                                                                    ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    Жаңы-Арык калктуу конушуна курулуп бүткөрүлгөн 35100 кВТ кубаттуулуктагы жалпы  суммасы  8 560 000 сомдук подстанцияны мындан ары айыл өкмөтүнүн тейлөө мүмкүнчүлүгү жетпегендигине байланыштуу Жалал-Абад электронун өздүк эсебине акысыз өткөрүлүп берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

3.    Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып  мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кетмен-Дөбө айылдык  Кеңешинин төрагасы                              О.Б.Көксариев