Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылда аткарган иштери боюнча элдик чогулуш болду

6, 2018 11 23 08:12:00

                      Жалал Абад областы Токтогул району

                              КЕТМЕН-ДӨБӨ   АЙЫЛ   ӨКМӨТҮ

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Сатымкулов Майорбек Асанкановичтин  жана райондук мекемелердин жетекчилеринин эл менен жолугушкан жыйынынын

                                                              №_______     ПРОТОКОЛУ

Терек-Суу айылы 

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жыйын жайы.

Саат 15.00. 21.11.2018-ж.                                                                  

Чогулуш башчылары :

1.Сатымкулов.М. –       Токтогул раймамадминистрациясынын башчысы-акими.

2.Чороев .И. -                 Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы.

3. Турсунбаев Ө.  –        Кетмен-Дөбө айылдык кенешинин төрагасынын орун басары.

Катышкан жетекчилер :

1.Нурманбетов .К.-        Токтогул раймамадминистрациясынын башкы адиси.

2.Карасартов Т.     -        Токтогул райондук УОСтун башчысы.

3.Үтүров.К.    -                Токтогул РСОБнын башчысынын орун басары

4.Касымалиев.Ж.  -Токтогул электр тармагынын жетекчисинин уб.милдетин аткаруучу.                   

5..Сарпашев.Т.-             Токтогул райондук соц.фонд.башкармалыгынын башчысы.

6. Ормонов. Н.   -  Токтогул билим берүү башкармалыгынын усулдук бирикме жетекчиси.

8.Кетмен-Дөбө айыл аймагында жайгашкан мекемелердин,коомдук уюмдардын жетекчилери катышышты.

 Бул күнү Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө  жалпы элдик жыйын болуп,жалпы 87 адам катышты.

Күн тартибиндеги каралуучу маселе колго салынды,кароого койулду.

Кун тартиби :

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы№ 2 “ 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялаган Жарлыгына ылайык Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 10 ай ичиндеги аткарган иштери боюнча Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Чороевдин отчеттук маалыматы.

Угулду:

Отчеттук маалыматты айыл өкмөтүнүн башкы адиси Масирбаев Урматбек Токтобекович окуду (отчеттук маалымат тиркелет).

Отчеттук маалымат окулуп бүттү ,кимде кандай суроолор бар? Жыйындын катышуучулары бир добуштан суроолор жок,түшүнүктүү деп жооп беришти.

Чыгып сүйлөгөндөр: Сөз берилди:

М.Сатымкулов –Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими .

      Бир канча жолу бул жыйын жайында болгом,бирок бүгүнкү бир өзгөчөлүк бар экендигин баса белгилеп кетсем, башкача жаңы технология бар экендигин көрүп кубанып турам,бул дагы жаңылануу.Жаңы технология бул адамды жаңы өнүгүүгө алып барат.Жыйын өткөрүүгө ,катышкан адамдар чыгып сүйлөөгө шарттар түзүлгөн,бул эң жакшы.

       Жыйынга келген Токтогул райондук мекеме жетекчилери менен тааныштырып өттү.Айыл өкмөтүндө аткарылган иштерге токтолуп :жарыктандыруу,жаңы типте салынган турак жайларга,Терек-Суу айылы боюнча элдин жашоо тиричилиги –суусу жылуу, жашоого турмуш шарты бар,чоң тойканалар салынып турмуштун өзгөргөнү көрүнүп турат.Спорт зал салынып бүткөнү турат, баардык өкмөттүн иш чаралары элдин жашоо тиричилигин жакшыртууга арналган.150 дөй техника болсо азыркы учурда ошол техникалар кайда? Ким совхоз учурунда эмгектенген? Азыр кандай жаңы техникалар келди? Ошол жаңы техникаларды баарыбыз көрүп турабыз,ошол техникаларды баарын ордуна койуп алалы.

       Кышка даярдыктар кандай? Жакшыбы ?  Ветеринария боюнча иштер кандай ? Вет.адис Таштанкулов Турусбек  чыгып аткарып жаткан иштери боюнча айтып бүткөндүгү боюнча маалымат берди.

      Турак жайларды камсыздандыруу боюнча иштер Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө  начар,колго алыңыздар..

     Жайыт маселеси кандай ?Жайыт комитетинин төрагасы Өмүрбаев Улан Акышович чыгып 2018-жылдын 15-декабрына бүткөрүү боюнча маалымат берди.15-декабрда бүткөрүү иши дайындалды.

      Бүткөрүлгөн мекемелер боюнча иш алып баралы,Кырк-Казык калктуу конушундагы мектеп боюнча ,окуучунун саны толмойунча мугалим барып иштей албайт.Жаны-Арык калктуу конушундагы мектеп боюнча иштерди алып баруу керек. Мектеп болуп ачылбаса башка мекеме боюнча ойлонуу керек.Таза коом иштеп жатабы? Кандай кызмат көрсөтө аласың?Ар бир айда канчадан адам кабыл аласын? Чогулушка келгенде ар бир кызмат көрсөтүү боюнча тактап ала келиш керек.

№ 12 Курама уулу Турусбек мектебинин кошумча каорпусун куруу иштери боюнча ?

Аматбекова .К.- Мектеп директору чыгып ,аткарылып жаткан иштерге токтолду.

–  АПУ, ЭТУ тех условиялары бүттү РЭСтен областка 6-ноябрда сунуш кеткен бирок карала элек ,Мектеп директору чыгып ,аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Касымалиев .Ж.- РЭС  – кайталап кат берип койушсун.

Чороев .И.- РЭС ке кат жөнөттүк.

Сатымкулов .М.- раймамадминистрациядан К.Нурманбетов сиз жетектеген мекемелер, аракет кылып   иш алып барыңыз.

Мыктаров .К.- айыл өкмөтү абдан жакшы , жол- боюнча маселе жаралып жатат 400 метрге жетпеген жол кошулбай бүтпөй калды,

Сатымкулов.М. – 600 метр,бул сиздердин жол Бел-Алды а/өкмөтүнө караганда жакшы.1 км. Бел –Алды а/ө жол ремонттоо каралган. Пландаштырууда карайбыз.

Абдыгулов Т.- мектептин билим берүүсүнө жылуулук болмойунча окута албайбыз, биринчиден айыл өкмөтү жакындан жардам берип жатат.Таштандыларды чыгарууга  техникадан жардам берсе жакшы болот эле.

Чороев.И.- таштандыларды чыгаруу боюнча иштер жолго салынды,иштей баштайт.

Бердалиев Ж. -  Чон-Арык айылы ,депутат .

Чоң –Арык айылына орнотулган Трансформатор иштелбей жатат. 6 жыл болуп калды.

Чороев .И.– трансформаторду баланска алуу маселеси чечилбей жатат.

“Сафира” ЖЧК  -жетекчиси Т. Сагынбаевге кат жөнөтүлдү , Чон-Арык айылындагы таза суу боюнча декабрь айы бүтпөсө укук коргоо органдарына кайрылабыз.

Сатымкулов.М .- 6 жылдан бери иштелбей жаткан трансформаторду бергиле ,таппай жаткандар көп.- ЭТУ,АПУ – документтери жок эле трансформаторлор койула берип азыр алардын документтерин даярдап баланска өткөрүү кыйынчылык туудурат.Айыл өкмөтүндө турган трансформаторду РЭС карабайт,май куйбайт,оңдобойт.Биз баардык тарнсформаторлорду РЭСке баланска өткөрөбүз.

РЭС – Жеңиш Касымалиев – алып барып кургатканга койуп кармаш керек.Майларын караш керек.Терек-Суу учаскасына эле кармап берели.Өз учаскасында эле калсын.

Сатымкулов.М.- Жеңиш Касымалиевисч –алып барып кармап,эч жерге бербей тургула .2-3 трансформатор запаска кармалып турсун.Бул Кетмен-Дөбө айыл аймагына бир трансформатор запаска кармалып турсун.

Чороев.И.- Жеңиш Касымалиевичке суранычым Жаны-Арык участкасына электр чубалгысы тартылган ,баланска албасак эл кыйналып жатат.

Касымалиев.Ж. -РЭС – Планда Жаны –Арык каралган ,иш алып баруу керек.

Амыракулов .Т.-Терек –Суу айылынын тургуну сугат арыктары боюнча .

Сарпашов .Т. – Соц.фонд – Адамдар пенсия,пособия ж.б. кыйналып жатышат.

2015-2016-жылдарга төлөбөй жатасыздар .1780 пенсиянын базавой ставкасы.Чыга алабай жүрүп 2-3 жылга уткурасыздар. Кайрак жерге- 62.3. Сугат жерге- 239 сом,   чөп чабынды – 61.2 ,

УОС-  суроо жок.

Шайдылдаев Мадыш- Терек-Суу айылынын тургуну,пенсионер.

Кудуктун суусунун пайдалануусу боюнча.Мектеп,бала бакча таза сууну киргизишти.

Сатымкулов.М.- айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан баардык мекеме ишканалар ж.б. айыл өкмөтүнө карайт.Таза сууга кирдиңер - Кытайдан келген гранттын эсебинен Көтөрмө ,Терек-Суу,Чоң-Арык,Бел-Алды кирди.Жалал-Абад областы боюнча 16 айыл кирсе ,анын ичинен  6  Токтогулдан кирди Кетмен-Дөбө Бел-Алды .Мазар-Суу.

Сартаев Чилдебай –Терек-Суу айылынын тургуну.- сугат суу жетпейт,кошумча насос курулабы? Бул маселе жазда эле башталат.

Сатымкулов .М.- Насос курганча суу чогулта турган маселени чечсек жакшы болот беле.Жалпы 500 млн сомдук насосторду  УОСтун балансына өткөрө албай жүрөм.Бул да чоң маселе,өтө оор.Проекти карап көрөлү.

Чороев.И.- Бул насос куруу чоң проект , чоң каражат .Талаш маселе.Министрликтерге кат даярдап жөнөткөнбүз,айыл башчынын колунда 13 миңдей акча каражаты турат ,жогорку министрликтерге баруучуларга жол каражаты даяр турат.

Турсункулова .А.- эң биринчи жакшы кабарыңыз Таза суу боюнча маселе ишке ашса чон ыраазычылык билдиребиз.Сиздин биздин элге кылган эң чоң кызматыңыз Таза суу маселеси болмок.

Чороев И.-айыл өкмөт башчысы. Баарыңыздарга чоң рахмат.Иштериңиздерге ийгилик.

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап элдик жыйын

     ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. .Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январынндагы №2 “ 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялаган Жарлыгына ылайык Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 10 ай ичиндеги аткарган иштери боюнча Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Чороевдин отчеттук маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.

2. Элдик жыйында айтылган элдин сунуш –пикирлери,суроо-талаптары эске алынсын.

3. Элдик жыйындагы көтөрүлгөн жалпы маселелер боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн         башчысына тапшырылсын.

4.Жогорудагы айтылган кемчилдиктерди болтурбоо боюнча көзөмөлгө алуу жагы тиешелүү мекеме,ишкана жетекчилерине тапшырылсын.

5.Көтөрүлгөн маселелер боюнча иш чара иштелип чыгарылып аткарууга алынсын.

 

 

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн  башчысы                                    И.Чороев.

                                          Жооптуу катчы                                      Ж. Эсенбекова.

 

 

 

Саламатсызбы урматтуу Токтогул  райондук мамлекеттик  админисирациясынын башчысы – акими Майор Асанканович, районубуздун мамлекеттик  ишканаларынын жетекчилери  жана айылдык жыйынга катышып отурган айылы аймагынын тургундары.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018 жылдын 10 январындагы № 2                 “2018 –жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы” деген  жарлыгына  ылайык Кетмен – Дөбө айыл өкмөтүнүн  2018 – жылдын 10 – айында аткарган иштери боюнча  маалыматы

2018- жылдын  10 айында айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджеттинин  аткарылышы төмөндөгүдөй болду.

Салыктын түрү

2018 жылга план

2018 ж. 

%

2017 жылга  карата факт

%

10 айда

Факт

1

Салык  агенттеринен

970000

933400

96,2

977492

95,5

2

Патент  салыктары жалпы:

146000

194398

132,7

199800

97,3

3

Жеке  турак  жайдан

120000

120310

100,3

120300

100

4

Айыл  чарба жер салыгы

163000

192055

117,8

227010

86,4

5

А/чарбасы  эмес  жер

107000

91112

85,1

85772

106,2

6

Сатуудан  салык

83300

84687

101,0

89005

95,1

7

Транспорт салыгы

300000

354203

118,0

339147

104,4

8

Мүлк салыгы

8500

8890

104,5

6800

130,7

9

КБФ аренда

137500

177079

128,7

170200

104,0

10

Жайыт  акысы

367166

217240

59,1

159600

136,1

11

Лицензиядан

25000

23046

92,1

48500

47,5

12

Атайын  каражат

450000

489500

108,8

434600

112,6

13

спец.фонд. альфа телеком

603000

603000

100,0

574,9

104,8

 

 

 

 

 

 

 

 

итого

3372466

3488920

103,4

3433126

101,6

 

Теңдөөчү гранттардан

 

7081800

 

 

 

 

Максаттуу  трансферттерден

 

2789000

 

 

 

 

Грант жана  трансферттерден

 

9870800

 

 

 

 

жалпы

 

13359720

 

 

 

 

                          Айыл  чарбасы  боюнча  айта  турган  болсом;

2018 – жылы  айыл  чарба  өсүмдүктөрүн айдоо  боюнча төмөндөгүдөй  структура түзүлгөн.

Жүгөрү 487 гектар айдалып орточо 53 центнерден түшүм  алынып 25856 центнер дан  алынды.

Арпа 30 гектар айдалып орточо 17 центнерден түшүм  алынып 510 центнер дан  алынды.

Күн карама өсүмдүгүнөн 40 гектар айдалып орточо 13,5 центнерден түшүм  алынып 540 центнер дан  алынды.

Көп  жылдык  чөптүн  жаңы айдалган  аянты 190 гектар болуп  орточо түшүмдүүлүк 200 центнерден айланып  жалпы 38000 центнер тоют  жыйналып алынды.

Эски айдалган көп жылдык  чөптөрдүн  аянты 584 гектарды түзүп орточо түшүмдүүлүк 350 центнерден  айланып 204400 центнер тоют  жыйналып алынды.

Картошка  өсүмдүгү 180 гектарды  түзүп орточо  түшүмдүүлүк 125,35 центнерден айланып  жалпысынан 22563 центнер картошканын түшүмү жыйналды.

Жашылча өсүмдүгү 30 – гектарды  түзүп  орточо түшүмдүүлүк 146 центнерден  айланып 4380  центнер жашылча  алынды.

Бакча өсүмдүгүнүн  аянты 26 гектарды  түзүп  орточо түшүмдүүлүк 150 центнерден  айланып 3900 центнер жашылча  алынды. 

 

 

2018 – жылдын 1 январынакарата малсанакта төмөндөгүдөйжыйынтыкменен чыктык.

   

01.01.2018 ж саналды

01.01.2017 жылы

   
 

Кара мал

       
 

Жылкылар

       
           
           

 

2018 – жылдын  10 айында  айыл өкмөтүнө 1  прессподборщик 820000 сомго  мунун ичинен 205000 сому  өздүк  салым,  калган 615000  сому  АРИС  тарабынан  каржыланды. 1 фронталдык  погрузчик  3472 000 сом  анын  ичинен 868000 сому  Токтогул  атайын  фонду  тарабынан, калган 2 604000 сому АРИС  тарабынан, 1 дааана МТЗ -82.1  трактору 400000 сому  өздүк  салым менен калган 1056000 сому АРИС тарабынан  каржыланып жалпы суммасы 1456000 сомго сатылып алынды. Мындан  сырткары  жакында                       1 даана  “ХОВО” автомашинасы  келиши  күтүлүүдө.

Инфраструктураны өнүктүрүү;  боюнча айта турган  болсом Кырк – Казык  айылына Республикалык  стим. грант тарабынан 1697000 сом  бөлүнүп жергиликтүү бюджеттен 650000 сом  бөлүнүп  айылга ФАПтын  имараты толугу  менен  ОсОО “Сырга - Таш”  тарабынан 2347000 сомго курулуп  бүттү. Мындан  сырткары  ушул  эле  ишкана тарабынан Республикалык  бюджеттин эсебинен  бөлүнгөн 1500000 сом  жана 65000 сому жергиликтүү бюджеттин  эсебинен  жалпы 1565000 сомго Терек – Суу айылындагы Турусбек орто  мектебинин  жылытуу  системасы кайрадан жаңыланып бүткөрүлдү. Чоң – Арык  айылынын  ичиндеги  борбордук  көчөсүнүн башынан  аягына    жана  мектепке  кеткен  жолун түнкүсүн  жарык  кылуу максатында 773500 сом  акча  каражаты жергиликтүү бюджеттен тартылып  бүгүнкү күндө ОсОО “МатЭла” ишканасы тарабынан материалдары даярдалып  жатат. Кырк – Казык айылындагы Жорголот участкасынан Чоң – Арык  айылына ичүүчү  таза  сууну  кабыл  алуу  жайын  куруп, айылга ичүүчү суунун  көлөмүн  көбөйтүү максатында Токтогул  атайын фондунан 500000 сом акча  каражаты бөлүнүп  ОсОО “МатЭла” ишканасы тарабынан курулуп жатат. Терек – Суу айылына Токтогул  атайын  фонду  тарабынан жаштарды спортко  тартуу максатында 10057000 сомдук спорттук  комплекс  курулуп бүтүү  алдында  турат.

Терек – Суу жана  Чоң Арык  айылдарынын  ичүүчү  таза суусун  ремонттоого жалпы  суммасы 426000 сом  акча  каражаты жергиликтүү  бюджеттен  бөлүнүп берилди.

Терек – Суу айылындагы оорукананын  төрөтканасына ысык жана  муздак  сууларды  киргизүү боюнча 669000 сом  КР өкмөтүнө караштуу ФОМС (фонд обязательной медицинской страхование)  тарабынан  каржыланып ремонт болууда.

Мындан  сырткары БУУнун  Дүйнөлүк  азык – түлүк  программасынын негизинде 3 проект:

1. Айыл өкмөтүндөгү аз  камсыз  болгон 40 адамды бал аарычылыкты өнүктүрүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүн оорулардан  сактоо боюнча окуудан  өттү. Чон – Арык  айылындагы Акыш  көчөсүнө  кеткен суу  проводунун трубасын  көмүү  боюнча 16 адам  иштеп  жалпы 56 адам 221 кап ун, 1167 литр суу майы менен  камсыз  болду.                                                             

2018 – жыл  ичинде тартылган  жана жергиликтүү бюджеттен жумшалган жалпы  инвестиция  боюнча токтолсом төмөндөгүдөй болду.

Инвестициянын түрү

Жергиликтүү бюджеттен

Сырткы инвестиция

жалпы

1

Фронталдык погрузчик

868000

2604000

3472000

2

Пресс подборщик

205000

615000

820000

3

 МТЗ -82.1 трактору

400000

1056000

1456000

 

Итого жайыт  боюнча

1 473 000

4 275 000

5 748 000

4

Кырк казык ФАП

650000

1697000

2347000

5

Турусбек мектеби

65000

1 500 000

1 565 000

6

Чоң Арык  көчөсүнө

773500

0

773500

7

Терек – Суу спорт комплекти

0

5 500 000

5 500 000

8

Терек – Суу ооруканасы

 

669000

669000

9

 Азык – Түлүк программасы

6000

342295

348295

 

Сырткы  инвестиция

1 494 500

9 708 295

11 202 795

 

Жалпы инвестиция тартуу

2 967 500

13 983 295

16 950 795

 

 Мындан  сырткары  дагы 7  проект Дүйнөлүк Азык  түлүк программасы боюнча проектилер жазылып ишке  ашырылды. 

 1. Терек – Суу  айылындагы ичүүчү таза  суу  боюнча 17 адам,

2. Сары - булак  каналынын  жээгин  бекемдөөгө 25 адам

3. Жайытка  кеткен Сары – Булак каналына  көпүрө  курууга 8 адам                

4. Кырк – Казык  айылындагы  Көк – жар  каналын  тазалоого 40 адам,                       5. Кичи – Уста суусуна  көпүрө  салууга 13 адам,

6. Бөксө каналын тазалоого  жана  суу  жеп  кеткен  участкасын  бетондоого   22 адам иштеп   жалпы 125 адам ун жана  суу  майы менен камсыз  болуу алдында  турат.

Мындан  сырткары Токтогул  токой  чарбасынын Уста – Сай питомнигинде  көчөттөрдү  өстүрүү жана аларга кам  көрүү  боюнча  18 адам  иш  менен  камсыз  болду. Бул  иштеген  адамдарга да ун жана  суу майы менен камсыз  болушат.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                              Айылдардын  ичиндеги  автожолдорду  оңдоп  түзөөгө айыл  башчыларга  81300 сомдук акча каражаты  бөлүнүп  берилди  жана  жолдорго  кум - шагылдар  төгүлүп,  тегизделди.

2018 жылдын  жаз айларында Ууру- Сай  участогундагы сел  каптап  кеткен каналдын  ичин  тазалоо  үчүн  айыл өкмөтүнөн 18500 сом бөлүнүп  берилди жана  жергиликтүү  дыйкандардын  көмөгү  менен  тазаланды.

Терек – Суу  айылынын кире  беришине демөөрчүлөр  тарабынан 250000 сомго  арка  орнотулду. Терек – Суу  айылдык мечитине демөөрчүлөр тарабынан жуунуучу  жай  курууга 80000 сом берилип бул бүткөрүлдү.

Чоң – Арык  айылындагы Коргол мектебинин  ашканасын  ремонттоого 161000 сом,  Турусбек  атындагы  орто  мектебинин  алдына  беседка курууга 70000  сом  бөлүнүп  берилди. Турусбек  мектебинин китепканасынын  китеп  текчелерин  жаңылоого  30000 сом  акча каражаты  бөлүндү.

Мындан  сырткары эки  мектептин кышка  даярдыгын  арттыруу  максатында 140000 сом  акча  каражаты ( трансформатордун  майын  алмаштырууга,  жылытуу системасын  иштетүү  максатында моторлорду  сатып  алууга, сырткы  эшигин  толугу  менен алмаштырууга).

Айыл өкмөтүнүн конторасындагы жалпы элди тейлөө кабинетин жылуулоо максатында кондиционер сатып  алууга, кызматкерлердин  иштөө шартын  жакшыртуу  максатында  компьютерлерди  жана  принтерлерди  сатып  алууга 187000 сом акча каражаты  тендерге коюлуп, бул жумуш бүткөрүлдү.

Айыл өкмөтү  тарабынан аз  камсыз болгон 364 жакыр  үй бүлөлөрдүн ичинен   жөлөк  пул алуу  үчүн бүгүнкү  күнгө карата 277 үй бүлөгө  пособие чектөө боюнча  тийиштүү документтерин  жөнөтүүгө жардам  берилди.  

Айыл  аймагында багар – көрөрү  жок  42 адамга кышка  карата отун  менен камсыз  кылуу  максатында  айыл өкмөтү тарабынан 40000 сом  акча  каражаты  бөлүнүп  тендерге  жарыяланды. Жакынкы  күндөрдө  көмүрлөрдү тийиштүү адамдарга  жеткирип  беребиз.                                                                                  Айыл өкмөтү  тарабынан аз  камсыз болгон жана  турмуштук  оор  кырдаалга  кабылган  үй – бүлөлөргө социалдык  жактан  колдоо  максатында 1 кварталга 18 адамга акчалай 55400 сом,  ал  эми 2 кварталга 22 адамга 58000 сом,                       3 кварталга 102000 жалпы  10 ай  ичинде 215400 сом  акча  каражаты  берилди.  Афган жергесинде кызмат  өтөгөн жоокерге 2000 сом жана согуштан  кайтып  келип  каза  болгон  жоокерлердин  үй – бүлөсүнө  2 адамга 1500 сомдон жалпы  3000 сом  берилди.

“Нооруз 2018”  майрамын майрамдоо  максатында улуттук спорттук  оюндарды уюштурууга  жана  өткөрүү үчүн  жалпы  суммасы 60000 сом сарпталды.

Улуу Ата  Мекендик  согуштун 73 жылдык  майрамын өткөрүү максатында 14000 сом  жана ооруктун катышуучуларына 4000 сом, ал  эми согуштун  жесирлерине деп 7 адамга 14000 сом  акча каражаты  таркатылды.

 “20 – май энелер  күнүн”  өткрүү үчүн айыл  аймагында  жашаган энелерди чогултуп  майрамдык  концерт  тартуулап  жана  аларга чакан  белектерди  берүүгө 30000 сом  акча каражаты  сарпталды.

25 май  акыркы  коңгуроо  салтанатын  өткөрүү  максатында Турусбек жана  Коргол  атындагы  орто  мектебинин 20  жакшы  окуган  бүтүрүүчүлөрүнө стипендия  катары 500 сомдон жалпы 10000 сом  акча каражаты  таркатылды.

“1 – июнь балдарды  коргоо  күнүнө”  карата айылдардагы  жаш  балдарга 12000  сом  акча  каражаты  бөлүнүп,  майрамдык  концерттер  уюштурулду  жана  мороженоелер  таркатылды.

2018 жылдын июн  айында  жаш  балдардын  эс  алуусун  уюштуруу  үчүн 4 баланы  Чычкан  капчыгайындагы “Өйүш булак”  эс  алуу  лагерине жергиликтүү  бюджеттин  эсебинен 16000 сом  жумшалды.

“1- октябрь Карылар  күнүн”  өткөрүү боюнча  жалпы  40000 сом акча  каражаты  жумшалды.  Бул  акча  каражатына карыларга клубда концерттик  программа  көрсөтүлүп “Алина”  ашканасынан 100 адамга сый тамак  берилди. Бул  иш  чарага келе  албаган 90 карыларга үйлөрүнө белектер  жеткирилип берилди.

Чон – Арык  айылында 620 метр жана Акыш  көчөсүнө  кеткен 1185 метр жерди  казып, ичине  полиэтилен трубаларын  жаткырып  көмүүгө айыл өкмөтүнөн 226000  сом акча  каражаты  жумшалды.

Чоң –Арык  айылынын  ичиндеги жаңыдан  казылып коюлган  трубаларга                 7 даана  комплект  колодецти  куруу  айыл  өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинен  каржыланып  бүткөрүлөт.

2018 – жыл  ичинде иш  мерчемдерде  белгиленген иш чаралар негизинен аткарылды. Эң   орчундуу болгон 1. Үңкүр  участкасына насостук  станция  куруу белгиленген  эле бул  иш  чара  аткарылган  жок. Себеби бул  иш  чараны  аткарууну Токтогул атайын фонду  менен аткаруу пландалган эле. Сметадагы  акча  каражаты табылган  жок.

  2. Турусбек  мектебинин  кичи  корпусун  кайрадан  куруу боюнча иш  чара да аткарылган  жок. Себеби бул  иш  чараны  аткарууга да  көп  акча  каражаты  талап  кылынат  экен, бирок  бул  иш  чараны 2019 – жылга да  иш  алып  баруу боюнча аракеттерди  кылабыз.

Бүгүнкү  күндө турак  жайларды камсыздандыруу 54 кожолук  өткөрүлдү жана  бул  санды  көбөйтүү  боюнча  түшүндүрүү иштери жүрүп  жатат.

Айыл  аймагындагы элдин  электр  энергиясына болгон  карызы 1020000 сомду  түзөт.

Айыл аймагына караштуу айылдарда дин  тарабында  да бир  топ  иштерди  алып  баруудабыз. Мечиттерге дабатка  келген  адамдардын  өздүгүн  тактоодо жана  ал  адамдардын кандай  максатта,  канча күнгө келгенин  имамдар  менен байланышып иш  алынып барылууда. 

Эми  айыл аймагында 2019 – жылга  дагы  бир  топ иш  мерчемдерди түздүк. Ошол  иш  мерчемдерди  аткаруунун үстүндө  иш  алып  барабыз.

Ушуну  менен доклатымды  аяктадым. Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат.

 

Кетмен – Дөбө  айыл өкмөтүнүн башчысы:                             Чороев И.