Кетмен – Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018 – жылдын жыл ичинде аткарган иштери боюнча элдик чогулуш

6, 2019 1 25 03:33:00

Жалал Абад областы Токтогул району

КЕТМЕН-ДӨБӨ   АЙЫЛ   ӨКМӨТҮ

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Сатымкулов Майорбек Асанкановичтин  жана райондук мекемелердин жетекчилеринин эл менен жолугушкан жыйынынын

                                                              №_______     ПРОТОКОЛУ

Терек-Суу айылы 

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жыйын жайы.

Саат 15.00. 15.01.2019-ж.                                                                  

Чогулуш башчылары :

1.Сатымкулов.М. –       Токтогул раймамадминистрациясынын башчысы-акими.

2.Чороев .И. -                 Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы.

3. Турсунбаев Ө.  –        Кетмен-Дөбө айылдык кенешинин төрагасынын орун басары.

Катышкан жетекчилер :

1.Кенешбекова Луиза Кеңешбековна - Токтогул раймамадминистрациясынын жетектөөчү адиси.

2.Карасартов Токторалы Кочкорбаевич. -  Токтогул райондук УОСтун башчысы.

3.Сулпукарова.Дамира Кайсарбаевна - Токтогул билим берүү башкармалыгынын   башчысы.      

4.Жумабаев Нурбек Абдраимович  -Токтогул райондук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору.

5.Коконбай уулу Кенжебек -   Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары .

6.Райымбеков Улан Кимсанович-  Токтогул райондук электр тармактары ишканасынын башкы инженери.

 8.Кетмен-Дөбө айыл аймагында жайгашкан мекемелердин,коомдук уюмдардын жетекчилери катышышты.

Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин депутаттары, мектептердин,бала бакчанын, М-1,М-2 –насостук станцияларынын,Т.Суранчиев атындагы оорукананын ,ҮДТнун  жана Чон-Арык айылындагы почта башчысы,Чон-Арык айылынын жаштары,айыл тургундары катышышты.

 Бул күнү Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө  жалпы элдик жыйын болуп,жалпы 93 адам катышты.

Күн тартибиндеги каралуучу маселе колго салынды,кароого койулду.

Кун тартиби :

1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жыл ичиндеги аткарган иштери боюнча Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Чороевдин отчеттук маалыматы.

2.Токтогул РИИбнүн Терек-Суу аймактык милиция  бөлүмүнүн башчысы Б.Султаналиевдин 2018-жыл ичиндеги аткарган иштери боюнча отчеттук маалыматы.

Күн тартибиндеги каралуучу маселе колго салынып бекитилди .Элдик жыйындын иштөө регламенти төмөнкүдөй бекитилди:

Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчүлөргө-5-7 мин,справка берүүчүлөргө 3 мин.Биринчи маселени кароого 20 минута,экинчи маселени кароого 15 минута,суроо-жооптор менен элдик жыйынды дем алышсыз бүтүрүү колго салынып бекитилди.

Элдик жыйындын секретариаты  2 адамдан:

1.Эсенбекова Ж.- жооптуу катчы

2.Мырсырайымов Нурбек – башкы адис .

Угулду: Күн тартибиндеги маселелерди кароого өтүү.

Отчеттук маалыматты айыл өкмөтүнүн башкы адиси Масирбаев Урматбек Токтобекович окуду (отчеттук маалымат тиркелет),баардык аткарылган иштер слайд менен көрсөтүлүп,иштер болуп жаткан учурдагы сүрөттөрү менен коштолуп жеткиликтүү маалымат берилди.

Суроолор болсо бериниздер: Бир добуштун баары түшүнүктүү,суроолор  жок.

Сөзгө  чыкты:

-Турсункулова маалыматы канааттандырарлык деп баалайм.

 М.Асанканович – атайын фонддон канча которулган цифралар келишпей жатат ?

И.Чороев – статьялары бөлүнбөй чогуу жазылып калган.

Эгер суроолор жок болсо күн тартибиндеги экинчи маселени кароого өтсөк:

2.Токтогул РИИБнүн Терек-Суу аймактык милиция  бөлүмүнүн башчысы Б.Султаналиевдин 2018-жыл ичиндеги аткарган иштери боюнча отчеттук маалыматы.

Б.Султаналиевдин отчеттук маалыматы угулуп бүттү.

Участкалык инспкторлордун алмашылышы боюнча тааныштырды,жаңы келди сот системасынан келди,2018-жылдан жаш  балдар ишке киришип иштеп жатышат.

            Суроо-жооп :

Кыпчакбаев Кубанычбек  -айылдык кенештин депутаты.

1) Түнкү рейд кандай учурларда жүрүшү керек?

2) Мал уурулуктар көбөйдү ,эч жыйынтык жок?

Султаналиев – атайын буйруктар келет,андай учурда 11-21-чейин рейд журөт,токтотулган машинанын ичи каралат.Рейддин жыйынтыгы менен  биз отчет беребиз.Курал жабдыктар жокпу ,ичиндеги адамдар текшерилет.

Сиздин милдетиңиз да болушу керек,караш керек,малдын жайытын такташ керек, мал ээси,жарандык милдет   малын өзү кароо керек.

Атантаев Байкал –2018-жылы мал уурулук боюнча эч арыздар ачылган жок.

Султаналиев .Б.- Терек-Суу аймактык милиция бөлүмчөсунүн башчысы .

-сизге окшогон жарандар маалымат берип ,коомчулук менен биргеликте ачылды 3 факт табылды.Биргеликт иш алып барышыбыз керек.

Сатымкулов.М.А.-Токтогул раймамадминистрациясынын башчысы-акими-

 – ар мекеменин өзүнүн  профилактикасы болот.Берилген суроо туура берилип жатат алдын ала  аң сезимди тазалоо керек ,түшүндүрүү иштерин жүргузүү керек.Кырк чоро,10- жылдык,20 жылдык ,улакчылар ж.б.ушул сыяктуу иштер менен аралашуу керек.Жалаң милиция кызматкерлерине түртүп койгонго болбойт. Милициянын басып жүрүшүнүн өзү кандай тарбия берет ,адамдар эмне болду экен деп чочулашат,кокустуктан сактанышат.Коопсуздук сакталат.

Чороев .И.- мал жайыттан жоголуп жатат ,уурулар талаадан уурдагандардын бети ачылбай,табылбай калгандыгын  билип алышып, талаадан жүктөп кетип жатышат.

Турсункулова.А.- айылдык кеңештин депутаты.

– Рейд жүргүзүү керек.Терек-Суу аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин иштери  канааттандырарлык деп баалайм.

Коконбай уулу Кенжебек -   Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары .

- кылмышты алдын алууда түнкү рейддерди жүргүзөбүз.2018-жылкы жоголгондор каралат,каралбай калган иш болбойт.ПОМдо 4 милиция иштеп жатат,аракеттери жакшы.4-5 жылдан кийин да  ачылгандар болот.Жетишпей жатышат.

Сатымкулов.М.А.-Токтогул раймамадминистрациясынын башчысы-акими-

Жылдын жыйынтыгын чыгарабыз ,салыштырмалуу бир канча иштер аткарылган .2019-жыл жакшы жыл болсун,жетекчинин да алдыга койгон максат тилектери,ойлору болот,баары орундалсын.

Спорт зал бүтөт,таза сууну киргизебиз,Терек-Суу таза суусу Көтөрмөдөн кийинки эле оор абалда экендиги белгилүү ,таза суунун ремонт иштеринин ушул учурга чейинки кетирилген кемчилдиктерин кайталабай, капиталдык курулуусу менен бүткөрөлү.Жалпы элге жакшы кабар ,бир камаз жыгылды 36 тоннасы менен кайтарып отуруп алып кетишти. Акырында алып кетишти,дагы жарылбай калды .жарыктандыруунун жоктугунан .бир карыя келип калп айтты .6 тонна бензин агып кетти деп жазышты бирок анда эмес Токтогулдан өткөндөр ыраазычылык билдирип жатышат,силерде да  жарыктандыруу эки айылга тең орнотулду.Көчөгө чыксанар көңүлүңөр ачылат. Келген техникаларды ынтымак менен иштеткиле.Хоба машинасы келсе элдин кызматына жарайт.Техникалар кандай иштетилип жатат,кээ бир жайыт комитеттери техникаларды иштетип жакшы акча каражатын таап жатышат.

Жолдорго болгон аракет абдан жакшы, 1 км кошулса Токтогулга кошулуп калат,ички жолдорду техникалар менен аракеттенип бүтүргүлө.Токтогул атабыздын арбагын сыйлалы ,той өтүлүп жол ,музейи оңдолду.Бул жакшы жетишкендик.

№12 Курама уулу Турусбек мектебине кошумча корпус курулбаса абалы оор.1000 минге жакын балдар окуп, кыйналып жатышат.балдардан акча каражатын аябайбыз,бала бакча мектептер үчүн .

Сатымкулов .М.- Дамира Кайсарбаевна Кырк-Казык мектебин Коргол мектебинин филиалы кылып ачсак эмне болот ?

Сулпукарова.Дамира Кайсарбаевна - Токтогул билим берүү башкармалыгынын   башчысы.       –

-окуучунун саны жетпесе болбойт.

Сатымкулов.М. – мектепти ачуу үчүн окуучунун саны жетишпесе кандай болот?

Сулпукарова.Д– норматив боюнча 101 окуучу  болсо филиал  болуп ачылат .

Жумабаев Нурбек Абдраимович  -Токтогул райондук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору.

-Кырк –Казык  ФАПы – ачылат . график боюча барып, келип иштешет.

Турсунбаев.Ө – Кетмен –Дөбө  айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары.

1) жакшы иштер болду , биринчи сунушум : 2019-жылга Чон-Арык айылына минифутболный аянтча куруп берүү боюнча сунуш айтам.

2) Кийинки чогулушту Чоң –Арык айылына   өткөрүү боюнча.

Орокова Төлөнбү – айылдык клубдун көркөм жетекчиси.

-Тумоо аябай күч алды,аябай ооругандар көп ,”Неман” аптекасы боюнча  дарылар аябай кымбат,өзү каалгандай сатат.Ооруканада дары дармектердин баары  сатык.

Атабеков.Н.-Чон –Арык айылынын айыл башчысы. –

-футболдук аянтча Чон-Арык айылына курулушуна акча каражатынан жардам бериниз.1,5 млн жардам бериниз.

Черикбаев .-Терек-Суу айылынын тургуну.

- 2018-жылдын 26-декабрында Качы көчөсүнө жолду түздөп, жарыктандыруу куруу үчүн акча каражатын сурап кайрылдык.Айыл башчы орой м амиле жасады.

Сатымкулов .А.- Айыл башчы эске ал ,эл менен туура кызматташуу негизги милдетибиз,келген,кайрылган адамдар менен уруша берсек болбойт.

Атантаев Байкал  - Чон-Арык айылынын тургуну.-

Электр линиялары тартылган столбалар боюнча .

Райымбеков Улан – Токтогул райондук  электр  тармактары ишканасынын башкы инженери.

жаны столбалар курулуп жатат бүткөндө силерге койулат,авариялык абалда турган жерлерге койулат,силерге 4 столба керек болсо койдурулуп берилет.

Башка суроо талаптар болбосо ,чогулшуту жыынтыктайлы:

Сатымкулов.М. –Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими .

Жакшы турунуздар кийинки кварталда Чон-Арык айылына өткөрөлү.

Чороев.И – айыл өкмөт башчысы.

-баарыныздарга чон рахмат,жакшы иштер аткарылды.Кырк-Казык ФАП ачылганы турат,таза суубуз ишке ашат.

Иштериңиздерге ийгилик.

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап элдик жыйын

Кун тартибиндеги биринчи маселе боюнча :    

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы        Чороев Илиязбек Каланбаевичтин 2018-жыл ичиндеги аткарган иштери боюнча отчеттук маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.

2. Элдик жыйында айтылган элдин сунуш –пикирлери,суроо-талаптары эске алынсын.

3. Элдик жыйындагы көтөрүлгөн жалпы маселелер боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн         башчысына тапшырылсын.

4.Жогорудагы айтылган кемчилдиктерди болтурбоо боюнча көзөмөлгө алуу жагы тиешелүү мекеме,ишкана жетекчилерине тапшырылсын.

5.Көтөрүлгөн маселелер боюнча иш чара иштелип чыгарылып аткарууга алынсын.

Кун тартибиндеги экинчи маселе боюнча :    

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Токтогул РИИБнун Терек-Суу аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы ,милициянын капитаны Б.Султаналиевдин 2018-жыл ичиндеги аткарган иштери боюнча отчеттук маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.

2.Төмөнкү иш аракеттер милдеттендирилсин:

- Коомдук коопсуздукту сактоо,кылмыштуулукту болтурбоо боюнча алдын ала профилактикалык иштерди жүргүзүү,”Бузуулар “ жана “Жоруктар “ боюнча мыйзамдардын ишке ашырылышы боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

-.Коомдук уюмдар жана элдик кошундар ,коомдук алдын ала борбору менен биргеликте кара куурайларды жок кылуу,диний экстремизмге каршы иштерди жүргузүү,жарандардын арыз даттануларынын мыйзамдуу аткарылышы боюнча жана башка мыйзам бузуулар боюнча туруктуу иш алып баруу

-Балдар жана өспүрүмдөр менен иш алып барууда соц.педагогдор менен биргеликте иш алып баруу;

3.Көтөрүлгөн маселелер боюнча иш чара иштелип, аткарууга алынсын.

 

 

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн  башчысы                                    И.Чороев.

                                          Жооптуу катчы                                      Ж. Эсенбекова

 

Айыл өкмөт башчысынын ДОКЛАДЫ

Саламатсызбы урматтуу Токтогул  райондук мамлекеттик  администрациясынын башчысы – акими Майор Асанканович, районубуздун мамлекеттик  ишканаларынын жетекчилери  жана айылдык жыйынга катышып отурган айылы аймагынын тургундары.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018 жылдын 10 январындагы № 2                 “2018 –жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы” деген  жарлыгына  ылайык Кетмен – Дөбө айыл өкмөтүнүн  2018 – жылдын жыл  ичинде аткарган иштери боюнча  маалыматы

2018-   жыл ичинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджеттинин  аткарылышы төмөндөгүдөй болду.

Салыктын түрү

2018 жылга план

2018 ж. 

Факт

%

1

Салык  агенттеринен

970000,0

1100766,6

113,4

2

Патент  салыктары жалпы:

222628,0

222628,0

100

3

Милдеттүү патент 

1200,0

1200,0

100,0

4

Жеке  турак  жайдан

120000,0

120310,0

100,3

5

Айыл  чарба жер салыгы

245000,0

278643,0

113,7

6

А/чарбасы  эмес  жер

101000,0

101278,0

100,0

7

Сатуудан  салык

102500,0

111782,0

109,0

8

Транспорт салыгы

300000,0

364248,0

121,4

9

Мүлк салыгы

8500,0

9260,0

108,9

10

КБФ аренда

190000,0

196779,0

103,5

11

Жайыт  акысы

440600,0

440490,0

100,0

12

Лицензиядан

25000,0

23046,0

92,1

13

Атайын  каражат  жалпы

670000,0

1946000,0

108,8

14

Келтирилген  чыгымды кайтаруу

 

16000,0

 

15

Теңдөөчү гранттардан

 

8299100,0

 

16

Максаттуу  трансферттерден

 

3024300,0

 

 

 

 

 

 

 

Жалпы

15447700

16 255 830,0

105,2

 

                          Айыл  чарбасы  боюнча  айта  турган  болсом;

2018 – жылы  айыл  чарба  өсүмдүктөрүн айдоо  боюнча төмөндөгүдөй  структура түзүлгөн.

Жүгөрү 487 гектар айдалып орточо 53 центнерден түшүм  алынып 25856 центнер дан  алынды.

Арпа 30 гектар айдалып орточо 17 центнерден түшүм  алынып 510 центнер дан  алынды.

Күн карама өсүмдүгүнөн 40 гектар айдалып орточо 13,5 центнерден түшүм  алынып 540 центнер дан  алынды.

Көп  жылдык  чөптүн  жаңы айдалган  аянты 190 гектар болуп  орточо түшүмдүүлүк 200 центнерден айланып  жалпы 38000 центнер тоют  жыйналып алынды.

Эски айдалган көп жылдык  чөптөрдүн  аянты 584 гектарды түзүп орточо түшүмдүүлүк 350 центнерден  айланып 204400 центнер тоют  жыйналып алынды.

Картошка  өсүмдүгү 180 гектарды  түзүп орточо  түшүмдүүлүк 125,35 центнерден айланып  жалпысынан 22563 центнер картошканын түшүмү жыйналды.

Жашылча өсүмдүгү 30 – гектарды  түзүп  орточо түшүмдүүлүк 146 центнерден  айланып 4380  центнер жашылча  алынды.

Бакча өсүмдүгүнүн  аянты 26 гектарды  түзүп  орточо түшүмдүүлүк 150 центнерден  айланып 3900 центнер жашылча  алынды. 

 

 

2018 – жылдын 1- январынакарата малсанакта төмөндөгүдөйжыйынтыкменен чыктык.

   

01.01.2018 ж саналды

01.01.2019 жылы

   
 

Кара мал

       
 

Жылкылар

       
           
           

 

Инфраструктураны өнүктүрүү;  боюнча айта турган  болсом Кырк – Казык  айылына Республикалык  стим. грант тарабынан 1697000 сом, жергиликтүү бюджеттен 650000 сом  бөлүнүп  айылга ФАПтын  имараты толугу  менен  ОсОО “Сырга - Таш”  тарабынан 2347000 сомго курулуп  бүттү. Мындан  сырткары  ушул  эле  ишкана тарабынан Республикалык  бюджеттин эсебинен  бөлүнгөн 1500000 сом  жана 65000 сому жергиликтүү бюджеттин  эсебинен  жалпы 1565000 сомго Терек – Суу айылындагы Турусбек орто  мектебинин  жылытуу  системасы кайрадан жаңыланып бүткөрүлдү. Чоң – Арык  айылынын  ичиндеги  борбордук  көчөсүнүн башынан  аягына  жана  мектепке  кеткен  жолун түнкүсүн  жарык  кылууга жана айылдын  кире  беришине айылдын  аты  жазылган  арка жасатууга жалпы  845000 сом  акча  каражаты жергиликтүү бюджеттен тартылып  бүгүнкү күндө ОсОО “МатЭла” ишканасы тарабынан  курулуп бүттү. Кырк – Казык айылындагы Жорголот участкасынан Чоң – Арык  айылына ичүүчү  таза  сууну  кабыл  алуу  жайын  куруп, айылга ичүүчү суунун  көлөмүн  көбөйтүү максатында Токтогул  атайын фондунан 500000 сом акча  каражаты бөлүнүп  ОсОО “МатЭла” ишканасы тарабынан курулуп бүтүп бүгүнкү  күндө  ичүүчү суу Чоң - Арык  айылынын суу  кабыл алуучу жайына  чейин  кошулуп  иштеп  жатат. Терек – Суу айылына Токтогул  атайын  фонду  тарабынан жаштарды спортко  тартуу максатында 10057000 сомдук спорттук  комплекс  курулуп 6500000  сому  жумшалып жалпы  сметадагы иштин 60%  бүткөрүлдү.

Терек – Суу жана  Чоң Арык  айылдарынын  ичүүчү  таза суусун  ремонттоого жалпы  суммасы 176000 сом  акча  каражаты жергиликтүү  бюджеттен  бөлүнүп ремонт  иштерине жумшалды.

 Терек – Суу айылындагы качы көчөсү  көчө  тургундарынын  инициативасы  менен акча  чогултулуп  шагыл  төшөлдү  жана  14 столбага  түнкү  жарыктандыруу орнотулду.

Терек – Суу  айылынын Калчоро  көчөсүнөн жеке  ишкер Чыныбеков Нургазынын жеке  инициативасы  менен жолдун 200 метр жерине  23000 сомго  кум  шагылдар  төшөлдү.

Терек – Суу айылынын  күн батыш  тарабындагы сел өтүүчү сайдын  ичинен 800 метр жери  казылып тазаланды бул  иштерди  аткарууга 31000 сом жумшалды

Терек – Суу айылындагы оорукананын  төрөтканасына ысык жана  муздак  сууларды  киргизүү боюнча 669000 сом  КР өкмөтүнө караштуу ФОМС (фонд обязательной медицинской страхование)  тарабынан  каржыланып ремонт болду.

Мындан  сырткары БУУнун  Дүйнөлүк  азык – түлүк  программасынын негизинде 8 проект  ишке  ашты:

Айыл өкмөтүндөгү аз  камсыз  болгон 40 адамды бал аарычылыкты өнүктүрүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүн оорулардан  сактоо боюнча окуудан  өттү.

Терек – Суу айылындагы ичүүчү  суусу  жок  көчөлөргө  крандарга  туташтыруу  максатында  арык  казууга 17  адам иштеп 102 кап ун жана 561 литр  май алды.

 Чон – Арык  айылындагы Акыш  көчөсүнө  кеткен суу  проводунун трубасын  көмүү  боюнча 16 адам  иштеп  жалпы 56 адам 221 кап ун, 1167 литр суу майы менен  камсыз  болду.

 Кырк – Казык  каналын  калыбына  келтирүүгө 40 адам иштеп 240 кап ун жана 1320 литр  май  алды.

Чон – Арык  айылындагы жайытка  кеткен жол  үчүн арыкка көпүрө  салууда 8 жумушчу  иштеп 48 кап ун  жана 264 литр май алды.

Сары – булак  каналынын жээгин  бекемдөөгө 25 адам  иштеп   150 кап  ун жана 825 литр май алды.

Кичи – Уста суусуна көпүрө  салууга 13 адам  иштеп 78 кап  ун, 429 литр май берилди.

Кырк – Казык айылына  бара  жаткан Жорголот участкасындагы токой чарбасынын питомнигине 18 адам иштеп 108 кап  ун, 594 литр май берилди.    

Жалпы адамдын саны 199адам 1754200 сомдуказык- түлүк таркатылды

Айылдардын  ичиндеги  автожолдорду  оңдоп  түзөөгө айыл  башчыларга  81300 сомдук акча каражаты  бөлүнүп  берилди  жана  жолдорго  кум - шагылдар  төгүлүп,  тегизделди.

2018 жылдын  жаз айларында Ууру- Сай  участогундагы сел  каптап  кеткен каналдын  ичин  тазалоо  үчүн  айыл өкмөтүнөн 18500 сом бөлүнүп  берилди жана  жергиликтүү  дыйкандардын  көмөгү  менен  тазаланды.

Терек – Суу  айылынын кире  беришине демөөрчүлөр  тарабынан 250000 сомго  арка  орнотулду.                                                                                                       Терек – Суу  айылдык мечитине демөөрчүлөр тарабынан жуунуучу  жай  курууга 80000 сом берилип бул бүткөрүлдү.

Чоң – Арык  айылындагы Коргол мектебинин  ашканасын  ремонттоого 161000 сом,  Турусбек  атындагы  орто  мектебинин  алдына  беседка курууга 70000  сом  бөлүнүп  берилди. Турусбек  мектебинин китепканасынын  китеп  текчелерин  жаңылоого  30000 сом  акча каражаты  бөлүндү.

Чон – Арык  айылында 620 метр жана Акыш  көчөсүнө  кеткен 1185 метр жерди  казып, ичине  полиэтилен трубаларын  жаткырып  көмүүгө айыл өкмөтүнөн 226000  сом акча  каражаты  жумшалды.

Чоң –Арык  айылынын  ичиндеги жаңыдан  казылып коюлган  трубаларга                 7 даана  комплект  колодецти  алып  келүүгө  айыл  өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинен  каржыланды.

Мындан  сырткары эки  мектептин кышка  даярдыгын  арттыруу  максатында 140000 сом  акча  каражаты ( трансформатордун  майын  алмаштырууга,  жылытуу системасын  иштетүү  максатында моторлорду  сатып  алууга, сырткы  эшигин  толугу  менен алмаштырууга).

Айыл өкмөтүнүн конторасындагы жалпы элди тейлөө кабинетин жылуулоо максатында кондиционер сатып  алууга, кызматкерлердин  иштөө шартын  жакшыртуу  максатында  компьютерлерди  жана  принтерлерди  сатып  алууга 187000 сом акча каражаты  тендерге коюлуп, бул жумуш бүткөрүлдү.

Айыл өкмөтү  тарабынан аз  камсыз болгон 347 жакыр  үй бүлөлөрдүн ичинен   жөлөк  пул алуу  үчүн бүгүнкү  күнгө карата 332 үй бүлөгө  пособие чектөө боюнча  тийиштүү документтерин  жөнөтүүгө жардам  берилди.  

Айыл  аймагында багар – көрөрү  жок  22 адамга кышка  карата отун  менен камсыз  кылуу  максатында  айыл өкмөтү тарабынан 40000 сом  акча  каражаты  бөлүнүп,  тендерге  жарыяланып, тендерден уткан ишкерлер  аркылуу  көмүрлөрү  таркатылып  берилди.                                                                                 

Айыл өкмөтү  тарабынан аз  камсыз болгон жана  турмуштук  оор  кырдаалга  кабылган  үй – бүлөлөргө социалдык  жактан  колдоо  максатында жыл  жыйынтыгында 93 адамга акчалай  жардамдар  берилди.

 мунун  ичинен

Кургак  учукка  кабылган  5 адамга

Туулгандыгы тууралуу  метирка  алууга 5 адамга

Отун  алууга 1 адамга

Тамак – ашына 7 адамга

Дарыланууга 24 адамга

Афгандар  күнүн  салатанаттуу  тосууга 3 адамга

100 жаштагы энеге 1 адамга

Согуш  ардагери (Шатманалиев Жолоочу компенсациясына) 1 адам

“Сапат билим олимпиядасына” катышуу үчүн 1 адам

“Апрель революциясынын катышуучусуна” 1 адам

Майыптын электр энергиясына болгон карызына 1 адамга

Жоголгон адамды издөө  иштерине               1 адамга

Соттолгондорго жардам берүү максатында  1 адамга

Багар – көрөрү  жокторго  жардам берүү       1 адамга

Майыпты баккан энеге                                     2 жолу 1 адамга

Апасы  таштап кеткен балдарга кийим  кече  алууга 2 балага

Сөөк жашырууга                                                3 адамга.

Майыптар  арасында өткөрүлгөн мелдештерге катышууга 2 окуучуга

Үй – жайы  жок адамга жардам  берүүгө  1 адамга (Сүйөркулов Жүкүнгө)

Багар – көрөрү  жок адамдарга отун  алууга жалпы 22  адамга

2018 – жыл  ичинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинен жалпы 227000  сом жогорудагы  86 адамга жардам  катары  берилди.

“Нооруз 2018”  майрамын майрамдоо  максатында улуттук спорттук  оюндарды уюштурууга  жана  өткөрүү үчүн  жалпы  суммасы 60000 сом сарпталды.

Улуу Ата  Мекендик  согуштун 73 жылдык  майрамын өткөрүү максатында 14000 сом  жана ооруктун катышуучуларына 4000 сом, ал  эми согуштун  жесирлерине деп 7 адамга 14000 сом  акча каражаты  таркатылды.

 “20 – май энелер  күнүн”  өткөрүү үчүн айыл  аймагында  жашаган энелерди чогултуп  майрамдык  концерт  тартуулап  жана  аларга чакан  белектерди  берүүгө 30000 сом  акча каражаты  сарпталды.

25 май  акыркы  коңгуроо  салтанатын  өткөрүү  максатында Турусбек жана  Коргол  атындагы  орто  мектебинин 20  жакшы  окуган  бүтүрүүчүлөрүнө стипендия  катары 500 сомдон жалпы 10000 сом  акча каражаты  таркатылды.

“1 – июнь балдарды  коргоо  күнүнө”  карата айылдардагы  жаш  балдарга 12000  сом  акча  каражаты  бөлүнүп,  майрамдык  концерттер  уюштурулду  жана  мороженоелер  таркатылды.

2018 жылдын июн  айында  жаш  балдардын  эс  алуусун  уюштуруу  үчүн 4 баланы  Чычкан  капчыгайындагы “Өйүш булак”  эс  алуу  лагерине жергиликтүү  бюджеттин  эсебинен 16000 сом  жумшалды.

“1- октябрь Карылар  күнүн”  өткөрүү боюнча  жалпы  40000 сом акча  каражаты  жумшалды.  Бул  акча  каражатына карыларга клубда концерттик  программа  көрсөтүлүп “Алина”  ашканасынан 100 адамга сый тамак  берилди. Бул  иш  чарага келе  албаган 90 кары  адамга  үйлөрүнө белектер  жеткирилип берилди.

2018 жыл  ичинде  маданий  иш  чараларды  өткөрүүгө жалпы акча  каражаты 217776 сом  акча  каражаты жумшалды.

2018 – жыл  ичинде иш  мерчемдерде  белгиленген иш чаралар негизинен аткарылды. Эң   орчундуу болгон 1. Үңкүр  участкасына насостук  станция  куруу белгиленген  эле бул  иш  чара  аткарылган  жок. Себеби бул  иш  чараны  аткарууну Токтогул атайын фонду  менен аткаруу пландалган эле. Сметадагы  акча  каражаты табылган  жок.

  2. Турусбек  мектебинин  кичи  корпусун  кайрадан  куруу боюнча иш  чара да аткарылган  жок. Себеби бул  иш  чараны  аткарууга да  көп  акча  каражаты  талап  кылынат  экен, бирок  бул  иш  чара боюнча аракеттерди  кылабыз.

Бүгүнкү  күндө турак  жайларды камсыздандыруу 54 кожолук  өткөрүлдү жана  бул  санды  көбөйтүү  боюнча  түшүндүрүү иштери жүрүп  жатат.

Айыл аймагына караштуу айылдарда дин  тарабында  да бир  топ  иштерди  алып  баруудабыз. Мечиттерге дабатка  келген  адамдардын  өздүгүн  тактоодо жана  ал  адамдардын кандай  максатта,  канча күнгө келгенин  имамдар  менен байланышып иш  алынып барылууда. 

Эми  айыл аймагында 2019 – жылга  дагы  бир  топ иш  мерчемдерди түздүк. Ошол  иш  мерчемдерди  аткаруунун үстүндө  иш  алып  барабыз.

Ушуну  менен доклатымды  аяктадым. Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат.

 

Кетмен – Дөбө  айыл өкмөтүнүн башчысы:                             Чороев И.