Айылдык кеңештин катчысына конкурс жарыяланды

3, 2021 4 27 09:38:00

Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин административдик миниципалдык жоопту катчы кызмат орунуна

                                            СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:

 

Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1.     Кесиптик билим деңгээли:

-          Жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Педагогикалык, Социалдык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында)

2.     Иш стажысы жана тажрыйбасы:

-          Жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдын кем эмес иш стажы;

3.     Кесиптик компетенттүүлүгү:

-      Төмөнкүлөрдү билүү

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

-  Кыргыз Республикасынын Конституциясы

Кыргыз Республикасынын “мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”

-  “Корупцияга каршы аракетенүү жөнүндө”

-  “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;

-   Мамлекеттик жарандык кызмат муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бектилиген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

                     -  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”

-  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мйызамы

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”

- Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (КРӨнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди.

Билгичтиги

-  Иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- тузүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларны талдоо, божомолдоо жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

- Кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

- алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаны ыкмаларды колдонуу учун мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

Көндүмдөрү

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • түзүмдук бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кенешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Төмөндөгү документтер талап кылынат:

-          Сынакка катышууга арыз.

-          Резюме.

-          Кадрларды эсепке алуу баракчасы.

-          Өмүр баян.

-          3х4 өлчөмүндөгу сүрөт.

-          Паспорттун көчүрмөсү.

-          Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (Нотариялдык күбөлөндүрүлөт).

-          Дипломдун көчүрмөсү (Нотариялдык күбөлөндүрүлөт).

-          Соттолбогондугу жөнүндө маалым кат.

Документтерди кабыл алуу:  Жарыя чыккандан баштап 14 күнгө чейин Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө кабыл алынат.

Дареги: Терек-Суу айылы Калчоро көчөсү №1

Сурап билүү телефондору:  0779 88 50 50, 0772 39 55 89