Ветеринар бош кызмат орунуна конкурс жарыяланды

3, 2021 4 27 09:39:00

Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн миниципалдык ветеринар кызмат орунуна

                            СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:

 

Муниципалдык кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1.     Кесиптик билим деңгээли:

-          Жогорку билим – зоотехник, ветеринария адистиктери боюнча

2.     Иш стажысы жана тажрыйбасы:

-          Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 беш жылдын кем эмес иш стажы;

3.     Кесиптик компетенттүүлүгү:

-      Төмөнкүлөрдү билүү

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

-  Кыргыз Республикасынын Конституциясы

Кыргыз Республикасынын “мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”

-  “Корупцияга каршы аракетенүү жөнүндө”

-  “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;

-   Мамлекеттик жарандык кызмат муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бектилиген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

Кыргыз Республикасынын “Ветеринария  жөнүндө”

-  Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”

- Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (КРӨнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди.

Билгичтиги

-  жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- проблемаларын талдоо, божомолдоо жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

- документтерди, маалыматтарды суроо-талаптарга жооптортду сапаттуу даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

- алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаны ыкмаларды колдонуу учун мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

 

Көндүмдөрү

  • ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кенешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Төмөндөгү документтер талап кылынат:

-          Сынакка катышууга арыз.

-          Резюме.

-          Кадрларды эсепке алуу баракчасы.

-          Өмүр баян.

-          3х4 өлчөмүндөгу сүрөт.

-          Паспорттун көчүрмөсү.

-          Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (Нотариялдык күбөлөндүрүлөт).

-          Дипломдун көчүрмөсү (Нотариялдык күбөлөндүрүлөт).

-          Соттолбогондугу жөнүндө маалым кат.

Документтерди кабыл алуу:  Жарыя чыккандан баштап 14 күнгө чейин Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө кабыл алынат.

Дареги: Терек-Суу айылы Калчоро көчөсү №1

Сурап билүү телефондору:  0779 88 50 50, 0772 39 55 89