Токтогулдук футболист Азия чөлкөмүндө экинчи ирет «Апта оюнчусу» болду

7, 2021 3 27 09:08:00

Кыргызстандык футболист, тагыраак айтканда Токтогул районунун Жаңы-Жол айылында 2000-жылы туулган Алыкулов Гүлжигит Жаныбекович Азия чөлкөмүндө экинчи ирет "Апта оюнчусу" болуп табылды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Гүлжигит Алыкуловдун Казакстан премьер-лигасындагы "Жетису" клубуна киргизген голу жана голдук топ ашыруусу АФКнын сайтына добушка коюлуп, күйөрмандардын 51,21 % добушун алган.

Белгилей кетсек 3-мартта Казакстан супер кубогунун жарым финалында "Кайрат" жана "Тобол" командалары беттешип, Гүлжигит Алыкулов голдук топ ашыруу жана кошумча мүнөттө гол киргизүү менен эсепти 3:3 кылып теңеген. Бул көрсөткүчү менен дагы 20 жаштагы футболчу "Жуманын оюнчусу" наамына татыган.

Алыкулов Гүлжигит Жаныбекович

  1. Алыкулов Гүлжигит Жаныбекович - Футбол менен бала чагынан машыгып келет. Бишкектин "Дордой" клубунун тарбиялануучусу
  2. Куудул (шорпо) каймана аты менен таанымал Жаныбек Алыкуловдун уулу
  3. 2019-жылдан тарта улуттук курама команданын мүчөсү
  4. 2017-2018-жылдары Түркиянын "Антальяспор" клубунда ойногон
  5. 2018-жылы "Кара-Балта" клубунун жогорку лигасында, "Алга" курамында  ойногон
  6. 2019-жылы Белоруссиянын "Неман" клубунда ойногон
  7. 2020-жылдан тарта Казакстандын "Кайрат" футбол клубунун жарым коргоочусу

 

[embed]https://youtu.be/luiECXukxfU[/embed]

Нурбек Мырсырайымов